Жаңылыктар
Бишкек мэриясы жыл жыйынтыгын чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэриясы жыл жыйынтыгын чыгарды

Бишкек мэриясы жыл жыйынтыгын чыгарды. 2021-жылы ордо калаада бир катар тармактарда өсүү болуп, көрсөткүчтөр жогорулаган. Жыл ичинде алдыга кеткен тармактарга жол куруудан баштап, жалпы эле курулуш жана архитектура тармагы, санитардык тазалоожана жашылдандыруу, экология кирген.

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердигине жүргүзүлгөн аудиттин жана функционалдык анализдин жыйынтыгынын негизинде мэриянын түзүмүн реформалоо иштери башталды. Анын алкагында 19 мекеме бириктирүү жолу менен 12 мекеме болуп кайра түзүлдү. Ал эми мэриянын ишкердик субъекттери 18 муниципалдык ишканын ичинен, 9 муниципалдык ишкана болуп кайра бекиди.