Жаңылыктар
Дыйкан, фермерлерге бериле турган жылдык үстөгү 6% насыя тууралуу
Кыргызстан жаңылыктары
Дыйкан, фермерлерге бериле турган жылдык үстөгү  6% насыя тууралуу

"Айыл чарбасын каржылоо 10" долбоору аркылуу дыйкан, фермерлерге бериле турган арзан насыя Каржы министрлиги банктар менен келишим түзсө эле бериле баштайт. Азыр банктардын бардыгы насыя бергенге чейинки иштердин көбүн бүткөрүп, ошону гана күтүп турушат.

"Айыл чарбаны каржылоо-10" долбоорунун алкагында дыйкан, фермерлерге жана ушул багытта иштеген ишкерлерге бериле турган акчанын көлөмү 5 миллиард сомго жакын. Бул долбоор боюнча каражат алгандардын бардыгында жылдык үстөк пайызы 6%дан болот.

Негизи Айыл банк, РСК банк жана дагы коммерциялык банктар аркылуу берилет. Азыр банктардын көбү кагаз иштерин бүткөрүп, насыя бергенге даяр турушат. 

Насыялар мал чарбачылыгы менен дыйканчылыкка 3 жылга чейин берилет. Максималдуу көлөмү 3 миллион сомго чейин. Мурда күрөө койбой туруп 150 миң сомго чейин алганга руксат болсо быйыл анын көлөмү эки эсеге көбөйүп, күрөөсү жок 300 миң сомго чейин насыя алса болот.

Ал эми кайра иштетүү тармагына бериле турган сумманын мөөнөтү 5 жылга чейин болуп, мурда 1 миллиондон 15 миллионго чейин алса, быйылтан тарта 500 миң сомдон 20 млн сомго чейин көбөйдү. Ошондой эле айыл чарба техникасын алам деген дыйкандарга жылдык үстөгү 4,5% менен женилдетилген насыя берилет.