Жаңылыктар
Бишкек шаарынын четинде таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын четинде таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат

Бишкек шаарынын четиндеги таштанды полигонунда таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат. Мэриядан билдиргендей, февралда таштандыларды сорттоочу комплексти куруу боюнча тендер жарыяланат. Азыркы тапта заводдон иргелип чыккан таштанды төгүлө турган жаңы санитардык полигонду куруу иштери башталды. Бул Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосундагы "Бишкек шаарындагы катуу калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу" долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Келишим боюнча тендерден жеңип алган компания 2017-жылы шаар четиндеги ышка чулганган полигонду жабып, анын ордуна Евробиримдиктин стандарттарына ылайык, жаңы санитардык полигон 2019-жылы курулуп бүтүшү керек болчу. Бирок 2016-жылы эки тендерди тең утуп алган Эстониялык компания иш башталбай жатып токтотуп койгон. Эми эски курулуштарды рекультивациялоо боюнча Эстониялыктар менен кайрадан келишим түзүлдү.

Азыркы тапта 11 гектар аянтты ээлеген таштанды талаасынын чыгыш тарабындагы түтүн токтоду. Учурда калган аймагында таштандыны сүрдүрүү жумуштары жүрүп жатат. Бул иштер жазында бүтүшү керек. Андан кийин ал аянт жерлер айыл чарба үчүн жумшалат.