Баткен облусунун Лейлек району эч качан анклав болбойт. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул боюнча коомчулукта айтылып жаткан айың кептер жалган экенин билдирди.
Белгилей кетсек, өткөн жылдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин Баткен шаарында эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен №39 протокол кабыл алынган. Азыр айрымдар ошол протокол боюнча ар кандай кептерди айтууда.