Баткен облусунун статусу жөнүндөгү мыйзамга ылайык, дубандын социалдык-экономикалык дараметин күчтөндүрүү жана калктын муктаждыктарына айрым жеңилдиктерди берүү максатында бир катар артыкчылыктар каралган. Анын алкагында чек ара аймагында жайгашкан 62 айыл артыкчылыктуу чек ара конуштарынын тизмесине бекитилген. Бирок чек арада орун алганы менен бул тизмеге кирбей калган айылдар да аныкталууда.
Мындан улам Баткен, Лейлек, Кадамжай районунун чек арадагы тизмеге кирбей калган айылдарынын жашоочулары, чек ара статусуна кошуу талабы менен буга чейин Президенттин облустагы өкүлүнө кайрылышкан. Андыктан бул айылдардын көтөргөн маселесин эске алып, учурда тактоо иштери колго алынды.
Эске салсак, буга чейин аныкталган 62 преференциалдык чек ара конуштарынын тизмеси 2012-жылы бекитилген. Бирок, иш жүзүндө мурда айылдарга эч кандай көңүл бурулган эмес. Өткөн жылы гана өлкө башчысынын тапшырмасы менен Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам кабыл алынып, жарлыкка кол коюлган.
Анын негизинде март айынан тартып, чек ара статусундагы айылдардын жашоочуларынын пенсиясы эки миң сомго көтөрүлүп, электр энергиясына 50 пайыз жеңилдик берилген. Дарыгер, мугалим жана муниципалдык кызматкерлердин айыл акысы жогорулап, 16 жашка чейинки балдарга берилүүчү жөлөк пулдун суммасы эки эсеге көбөйгөн. Салыктан дагы жеңилдиктер берилип, ооруп калгандар 50 пайыз арзандантуу менен дарыланып, жарандарга мурда соттолбогону тууралуу маалыматтар акысыз берилери камсыздалган.