Жаңылыктар
Ош базарында бейтааныш адамдын телефонун уурдап кеткен жаран кармалды
Кылмыш
Ош базарында бейтааныш адамдын телефонун уурдап кеткен жаран кармалды

Бишкек шаарынын кылмыш иликтеген кызматкерлери уурулукка шектүү жаранды кармашты. Маалыматка ылайык, 29-январь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясына жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Ош базарынын аймагынан белгисиз жаран арыздануучунун 18 миң сомдук "Редми нот 8" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткенин билдирген. 

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин "Тоноо" беренси менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ленин РИИБнин биринчи шаардык милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 41 жаштагы жаран кармалды. Азыркы учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жогун аныктаган тийиштүү тергөө иштери жүрүүдө.