Жаңылыктар
Кара-Көл шаарында 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды (жаңыланды)
Өзгөчө кырдаал
Кара-Көл шаарында 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды  (жаңыланды)

 Бүгүн, 13-сентябрда саат 14:15 чамасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында  Бишкек-Ош  унаа жолунда ХОВО  үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Тойота жеңил унаа кагылышкан. Бүл тууралуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Тойота автоунаасында 12 адам болгон, жол кырсыгынан 3 чоң адам, 2 жаш бала жеринде мерт кеткен. Жаракат алган 7 адамга тиешелүү жардамдар көргөзүлүп жатат. 

Окуя болгон жерге  ӨКМнин куткаруучулары, патрулдук милициясынын кызматкерлери жана тез жардам берүүчү кызматынын кызматкерлери чыгып кетишти. Азыркы учурда каза болгон жана жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.

Эске салсак, Чүй облусунун Жайыл  районунда  27-август күнкү жол кырсыгынан 9 адам каза болуп, бүтүндөй бир үй бүлө эгиз балдары менен каза болушкан.   



Азыркы учурда каза болгон жана жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118