Жаңылыктар
"Ак Марал" бий ансамбли Париждеги фестивалга жолдомо алды
Маданият
"Ак Марал" бий ансамбли Париждеги фестивалга жолдомо алды

“Ак Марал” бий ансамбли Парижде өтө турган бүткүл дүйнөлүк фольклордук бий фестивалына катышууга жолдомо алды. Бир айга созулуучу бий фестивалы 4-июлда башталат. “Ак Марал” бий тобунун бул иш чарага катышуусу, "Тарых жана Маданият жылынын", ошондой эле, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын 80 жылдыгынын алкагындагы саамалык.

Бул тууралуу, Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Белгилей кетсек, “Ак Марал” бий ансамбли 1966-жылы түзүлгөн. Анын түптөөчүлөрү Эл артисти Нурдин Түгөлов жана эмгек сиңирген артист Сапарбек Кабеков.