Баткен облусунун Кадамжай районунан чоң делегация Москвага келип кетти. Жумушчу сапар менен келген коноктордун арасында райондун акими, анын орун басары жана айыл өкмөт башчылары бар.
Алар, мекендештер уюштурган “Кадамжайдан чыккан улуу инсандарды даңазалоо” иш-чарасына катышышты. Уюштуруучулар Абдыкадыр Орозбеков, Молдо Нияз Эрназар уулу, Полот Хан, Абсамат Масалиев жана башкалардын жашоосунан алынган сценкаларды көрсөтүштү. Чыгып сүйлөгөндөр бул инсандардын басып өткөн жолу жаш муунга үлгү болушу керектигин өзгөчө белгилешти. Делегациянын мүчөлөрү бөтөн жерде эмгектенип жүргөн мекендештердин жетишкендиктери жана көйгөйлөрү менен таанышты.
Ишкерлер менен жолугушууда күнөсканаларды жана малинаны кайра иштетүүчү заводдорду куруу боюнча келечектүү долбоорлор айтылды. Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы окуя боюнча тынчсыздануусун билдиришти.