Жаңылыктар
Эки жаштагы баланын өмүрүн сактап калган окуучу сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Эки жаштагы баланын өмүрүн сактап калган окуучу сыйланды

Эки жаштагы баланын өмүрүн сактап калган Баяман Азимов сыйланды. Бишкектеги №78 мектептин 5-классынын окуучусу Баяман Азимов Ала-Арча суусунан агып бараткан Умар Молдалиевди сактап калган. Окуучуга жанындагы дос балдары Арсен Камбаралиев менен Эрнис Ташболотовдор жардам берген. 

Азимовдун мындай эрдиги үчүн ага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев ардак грамота жана “Патриот” төш белгисин тапшырды. Ал эми Баяманга жардам берген окуучулар Бишкек шаардык кеңешинин ардак баракчасы менен сыйланат.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118