Жаңылыктар
Кыргызстанда акыркы суткада 162 адамдан COVID-19 илдети табылып, 3 бейтап каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда акыркы суткада 162 адамдан COVID-19 илдети табылып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда акыркы суткада 162 адамдан COVID-19 илдети табылып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 92, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 42, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылды. Акыркы суткада 385 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 913 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 609 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 326 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 190 миң 368 киши айыгып чыкса, 2 миң 899 адам каза болду.