Жаңылыктар
БШК: Кайра шайлоого 53 талапкер катталды
Шайлоо 2023
БШК: Кайра шайлоого 53 талапкер катталды

Бишкек шаарынын эки районуна кайра шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы 53 талапкерди каттады. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт. Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардык талапкерге каршы добуш берген.