Жаңылыктар
Конституциялык мыйзамдар комитетине төрага каралууда
Саясат
Конституциялык мыйзамдар комитетине төрага каралууда

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына 2 талапкер көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн профилдик комитеттин кезектеги жыйынында белгилүү болду. ГУЛ: Социал-демократтар депутат Асель Кодуранованы, ал эми “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Тынчтык Шайназаровду алып чыгышкан. Бирок Шайназаров аталган комитеттин мүчөсү болбогондуктан, регламент боюнча талапкерлигин көрсөтө албайт. 

Конституциялык мыйзамдар комитети төрага тандоо маселесин өткөн жумада эле карай баштаган. Анда бул кызматка комитеттин мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Бирок айрым процедуралык нормалар бузулуп, депутаттар бул маселеге кайрадан кайрылып келишти. Бул жолу социал-демократтар фракциясы төрагалыкка комитеттин мүчөсү, депутат Асель Кодуранованы көрсөтүшкөн. Талапкер кесиптештеринин көпчүлүгүнүн колдоосуна алынууда.

Жыйында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы дагы бул кызматка өздөрүнүн талапкерин көрсөтүү ниети бар экенин билдиришти. Комитеттин башчысы болууну депутат Тынчтык Шайназаров каалап жатыптыр.

Бирок, депутат Тынчтык Шайназаров конституциялык мыйзамдар комитетинин мүчөсү эмес, андыктан төрагалыкка талапкерлигин көрсөтө албайт. Башка эл өкүлдөрүнүн айтымында, регламент боюнча талапкер эл өкүлү ошол комитеттин мүчөсү болууга тийиш. 

Андыктан депутат талапкерлигин көрсөтүүдөн мурун комитетке мүчө болуп кириши керек. Бул маселе болсо палатада гана чечилет. Андан улам эл өкүлдөрү бүгүнкү жыйында Тынчтык Шайназаровду талапкер катары көрсөтүүгө добуш беришкен жок.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрүнүн добушу менен депутат Асель Кодуранованы комитеттин төрагалыгына, ал эми Шайназаровду комитетке мүчө катары кабыл алуу маселеси палатанын кароосуна жиберилди. Мурда бул комитетти жетектеген Галина Скрипкина Евразия Экономкалык биримдигинин судьялыгына шайланып, бул орун бошогон болчу.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118