Жаңылыктар
“Акысыз адвокат” программасы аркылуу бир топ телекөрүүчүлөр адвокат менен акысыз камсыз болушту
УТРК жаңылыктары
“Акысыз адвокат” программасы аркылуу бир топ телекөрүүчүлөр адвокат менен акысыз камсыз болушту

КТРКнын “Акысыз адвокат” программасынын автору жана алып баруучусу, «Замана» студиясынын комментатору Мунара Матиева.

 2021-жылдын сентябрь айынан бери эфирге чыгып жаткан Мунара Матиеванын “Акысыз адвокат” программасы аркылуу бир топ телекөрүүчүлөр адвокат менен акысыз камсыз болушту. Түз эфир учурунда байланышка чыккан ар бир телекөрүүчү өздөрүнүн көйгөйлүү суроолоруна жооп алат. Жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө, тактап айтканда адвокат менен акысыз камсыз кылууга багытталган бул көрсөтүү КРнын Адвокатурасы жана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору менен биргеликте даярдалат.

 Андан тышкары, Мунара Матиева таңкы “Замана” студиясы аркылуу актуалдуу, орчундуу маселелерге басым жасап, жарандардын юридикалык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган түз ободогу “Адистин кеңеши” рубрикасын даярдап алып барат. Бул программа аркылуу дагы телекөрүүчүлөр өздөрүн кызыктырган баардык суроолорго жооп ала алышат. Мунара Матиева бул программасынын алкагында да жардам сурап кайрылган бир топ телекөрүүчүлөрдүн маселесин чечип, аларга жардам көрсөткөн.

 Мунара Матиева көп кырдуу талант десек болот. Ал жогорудагыдай орчундуу ойлордон оңой эле оодарылып, каткырып күлүп, көңүл ачуучу “Лайк” түрмөгүн да алып барат. Андан тышкары, тамактардын жасалышы боюнча кафе-ресторандардан тартылуучу “Таттуу маанай”, “Вкусное утро” рурикаларын даярдайт. Эң алгач Мунара Матиева “Замана” студиясындагы  “Китепкөй” “Дүйнө жүзүндө” рубрикаларын алып чыккан. О.э. “Тай-цзи-цюань кыймылы”, “Кесипкөй”, “Көрсө көрөлү”, “Кайран тил” ж.б. бир топ рубрикаларды даярдаган. Узак убакыт бою аба ырайын дагы алып барды.  

 Элибиздин социалдык, экономикалык, саясий турмушун чагылдырып, өлкөбүздүн маданият, искусствосунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир топ сыйлыктарга ээ болду.  Алар: КТРКнын Ардак грамотасы, “Мыкты кызматкер” наамы жана юбилейлик медалы. Андан тышкары, бир катар министрлик, ведомстволор өздөрүнүн Ардак грамоталарын, Ыраазычылык каттарын ыйгарып, медалдарын тагышты. Мунара Матиеванын жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн ал менен бирге иштеген кесиптештери жана анын көрүүчүлөрү гана эмес, ал менен иш алып барган ар кыл тармактын адистери да баса белгилеп айтып келишет.