Жаңылыктар
Бишкекте КМШнын мааракелик саммити өтөт
Саясат
Бишкекте КМШнын мааракелик саммити өтөт

Ушул аптанын жума күнү Бишкекте, Көз карандысыз шериктештикке кирген мамлекеттердин башчыларынын деңгээлиндеги мааракелик саммити өткөнү турат. Уюмдун 25 жылдык жыйынына азырынча алты өлкөнүн президенттери катышаарын расмий билдирди. 

Бул Орусия, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан, Белоруссия жана Армениянын президенттери. Азырынча Өзбекстан тараптан расмий жооп келе элек. Мааракелик саммит эмнеси менен өзгөчөлүү жана кандай маселелер талкууланганы жатат?

Жума күнү КМШга кирген өлкөлөрдүн президенттери Бишкекке чогулат. Бул ирет уюмдун 25 жылдык мааракелик саммити өтөт. Өлкө башчылары ийри отуруп, түз кеңешип уюмдун 25 жылдык ишмердүүлүгүндө жетишилген келишимдерге саресеп салат. Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында, мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги жыйында каралчу күн тартибиндеги 16 маселени ага чейин КМШнын тышкы иштер министрлери талкуулап, даярдайт. Бул ирет да коопсуздук маселеси көңүл чордондо.

Коопсуздук боюнча бул көйгөйлөрдү чечүү аракетинде уюмдун алкагында атайын программалар кабыл алынат.  Муну менен катар уюмга мүчө өлкөлөрдө келерки жылды үй бүлө, ал эми 2018-жылды Кыргызстандын сунушу менен маданият жылы деп жарыялоо дагы каралат. Ага ылайык Азербайжандын Гянджа шаарына маданият борбору деген макам берилиши ыктымал. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей уюмга төрагалык кылуу Кыргызстандан Орусияга өтөт.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118