Жаңылыктар
Дыйкандардын мээнети акталабы?
Айыл чарба
Дыйкандардын мээнети акталабы?

Күнөстүү Кара-Суу районунда быйыл жашылча түшүмү начар. Аймактагы дыйкандар айрым жашылчанын түшүмүнөн кол жууп, кеткен чыгымдарын кайдан кайтараарын билбей турган чагы. 

Буга быйыл жашылчанын жаңы илдети себепкер. Айыл чарба өсүмдүктөрун зыянсыздандырууда дарылоодо адистери кандай аракеттерди көргөн? Дегеле, быйылкы жылы дыйкандардын мээнети акталдыбы? 

Дыйкан Улан Сабиров 30 сотых жерге помидор тиккен. Быйылкы жашылчаны каптаган илдет дыйкандын түшүмдү мол жыйнайм деген үмүтүн актабай, жаздан берки мээнетин текке кетирген.

Улан Сабиров сындуу мындай көйгөйгө кабылган дыйкандар аймакта жүздөп саналат. Мындай учурда, облус, райондогу башкармалыкта отурган айыл чарба адистери карапайым калкка ыкчам түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн эмес.
Дыйкандардын эмки үмүтү пиязда калды. Жалпы бир гектар аянтка ар бир килограммы 2миң сомдук 50 кг урук сарптаган. Гектарына 30 тоннага чейин түшүм алынганы менен наркы көңүл жубатаарлык эмес.

Дыйкандардын түшүм жыйноодон кийинки көйгөйү жыйналган ири көлөмдөгү түшүмдү кайда сактоодо турат. Облустун Араван, Алай райондорунда жашылча сактоочу жайлар болгону менен ойдогудай талапка жооп бербейт. Кара-Сууда болсо жер транформацияланганы менен логистикалык борборду куруучу инвестор али табыла элек. Мындан улам, түштүк аймакта элге чоң жардамы тийе турган бир логистикалык борборду куруу зарылчылыгы бышып жетилген бойдон турат.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118