Адинай Курманова, КТРК Спорт каналынын алып баруучусу, кабарчы жана баяндамачы.
-Саламатсызбы. Пекин-2022 олимпиадасында баяндамачы болуп жатасыз, буга канча убакыт даярдык көрдүңүз? Элдер кандай кабыл алып жатат?
Адинай: Саламатсызбы. Бул Пекин Олимп оюндарында муз үстүндө көркөм бийлөө спортун баяндап жатам. Ошондой эле бир жолу чана спорту боюнча мырзалар арасындагы жарышты алып бардым. Музда көркөм бийлөө боюнча мелдештер Кыргызстандын сааты боюнча 6 жарым жетилерде эрте башталып жатат. Бул эфирге чыгыш үчүн мен саат 5 те туруп жумушка келем. Көпчүлүк элдер кыз дагы баяндамачы болуп жатат деп колдоо көрсөтүүдө. Ошондой эле кесиптештерим дагы дайыма колдоп, кеп-кеңештерин айтып турат. Мен жаңыдан үйрөнүп жатам, алдыда үйрөнө турган көп нерсе бар.
-Баяндамачы болууга кантип кызыгып калгансыз?
Адинай: Спорт каналга келгенде кабарчы болуп баштагам. Баяндамачы болуу оюмда жок болчу. Кесиптештеримдин таасири менен баяндамачылыкка кызыгып калдым окшойт. Анткени алар муз үстүндө көркөм бийлөө, көркөм гимнастика жана жеңил атлетика сыяктуу көп эмоция менен баяндоону талап кылбаган жай ритмдеги спорт түрлөрүн баяндап көр деп сунуштап калышчу. Бул олимпиада биринчи алып барган мелдешим эмес. 2019-жылы спорттук гимнастика боюнча дүйнө чемпионатында эң биринчи жолу баяндамачы катары чыккам. Мени менен катар Элнура Мамбетова деген кесиптешим дагы кечки эфирде баяндамачы болгон. Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу уланта албай калды. Ошол эле жылы көркөм гимнастика боюнча Европа чемпионатында дагы 2-3 жолу баяндагам. 2020-жылы мелдештер аз болуп чыккан жокмун. Ал эми Токио олимпиадасында баскетбол боюнча 2 оюн алып бардым.
-Жалаң мырзалар менен иштөө кыйынга турбайбы?
Адинай: Мага эң көп берилген суроолордун бири (күлүп). Көптөр балдар менен кантип чогуу иштейсиң деп сурап калышат. Жаңы келгенде уялып жүргөн учурларым болгон. Бирок коллективге тез эле көнүп, баары менен тил табышып кеттим. Биздин командада бардыгы спортту сүйгөн адамдар. Командабыз аябай ынтымактуу, тамашалашып, шаңдуу иштейбиз. Мырзалар менен иштеген мен үчүн кыйынчылык жаратпайт, баары колдоп, жардамын аяшпайт. Бирок, КТРК Спортто кыздардан жалгыз эле мен эмесмин да. Менден тышкары режиссерлор, үн режиссерлору жана бир редактор айым бар.
-КТРК спорт каналында иштеп баштаганыңызга канча убакыт болду? Кантип келип калдыңыз эле?
Адинай: Спорт каналда иштеп баштаганыма 3 жыл болду. Мен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүн аяктагам. Жакында магистратура боюнча диссертациямды жактайм. Спорт каналга 4-курсумда кастингден өтүп, кабарчы болуп эмгектенип баштагам. Кийин сюжеттерди жасап жүрдүм. Бир жылдан кийин “Арена” программасында алгач 5 мүнөттөн, кийин Асылбек байке менен 45 мүнөттөн чыктым. Учурда “Арена”, “Сереп” жана “Топ Ньюс” программаларын алып барам. Спорт жаңылыктарын жазам, атайын чыгарылыштарды жасайм.