Жаңылыктар
Таэквондочулардын Германиядагы ийгилиги
Спорт
Таэквондочулардын Германиядагы ийгилиги

Кыргызстандык спортчулар дүйнөнү багынтууда. 1 - сентябрдан 4 сентябрга чейин, Германиянын Бад-Киммингенд шаарында таэквондо боюнча өткөн дүйнөлүк чемпионатта, биздин спортчулар 14 медаль утуп алышты. Тактап айтканда 6 алтын, 6 күмүш жана 2 коло медалды куржунга салып келишти. Кененирээк кийинки материалда...

Темирлан Тагайбаев спортко 7 жашында келген. 9 жылдан бери таэквондо менен машыгып, акыры мээнети акталып дүйнө чемпиону болду. Жыл сайын ар кандай ири мелдештерге катышып, байгелүү орундарга илинип жүргөн. Азыр дүйнө биринчилигин багындырганына ишенип, ишенбей турат.

Бул жолкусунда 10-ирет өтүп жаткан мушташ өнөрүнүн дүйнө чемпионатына, Кыргызстандан 6 спортчу барып, 14 медал алып келишти. Белгилеп кетсек бул мелдешке дүйнөнүн чар тарабынан келген 50дөн ашык мамлекет катышкан.

Таэквондо боюнча Кыргызстандын курама командасы жыл сайын дүйнө чемпионатына катышат . Быйылкысы мурдагылардан кыйла жемиштүү болду.  Эми өлкө намысын коргоп, байрагыбызды бийик көтөрүп келген азаматтар кезектеги кийинки мелдештерге кам көрө башташты.