Жаңылыктар
Кытай Кыргызстанга 50 млн. юань кайтарымсыз жардам берет
Саясат
Кытай Кыргызстанга 50 млн. юань кайтарымсыз жардам берет

Кытай Кыргызстанга 50 млн. юань кайтарымсыз жардам берет. Аталган каражат өлкөнүн коопсуздук тармагына багытталат. Ошондой эле коңшу мамлекет коронавируска каршы кошумча 5 миллион доза вакцина берүү чечимин кабыл алганын Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин Президент Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди. Мындан сырткары өлкө башчынын 3 күндүк иш сапарынын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Президент Садыр Жапаровдун 3-6-февраль күндөрү Кытайга болгон иш сапары ийгиликтүү аяктады. Өлкө башчы визитинин алкагында кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын расмий ачылышына катышып, президент Си Цзиньпин менен жолукту. Лидерлер саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана келечегин, биргелешкен ири долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты.

Дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки 30 жыл аралыгында өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жогорку деңгээлге жетти. Муну белгилеген Си Цзиньпин Кытай Кыргызстан менен түрдүү тармактарда алаканы бекемдөөгө даяр экенин кошумчалады. Кытайдын Төрагасы жолугушууда коопсуздук тармагына 50 миллион юань жана коронавируска каршы кошумча 5 миллион доза вакцина кайтарымсыз негизде жардам берерин билдирди.
 
Жолугушууда Кытай Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга даяр экени белгиленди. Ошондой эле Си Цзиньпин кытай тарап биздин өлкөдөн экологиялык жактан таза продукцияларды импорттой турганын айтты. Эксперттер коңшу мамлекеттин бул планы ортодогу 1 жарым млрд. долларга жакын товар айлантууну көбөйтөт деген ишеничте.
 
Эксперттер экспортту көбөйтүүгө Кытайдын “Бир алкак - бир жол” демилгесинин алкагында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун курууну ишке ашыруу дагы өбөлгө болорун белгилешет. Жолугушууда аталган жолду куруунун жана үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгү да ортого салынды. Бул курулуш бүткүл Борбордук Азия үчүн абдан маанилүү экенине токтолгон Си Цзиньпин коронавируска каршы чараларды кабыл алууну эске алуу менен аба каттамдарын этап-этабы менен калыбына келтирүү жана жүк ташууну көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.
 
Президенттин коңшу өлкөгө болгон иш сапарынын алкагында бир нече документтерге кол коюлду. Алар айыл чарба, маданият, инвестиция, статистика, ошондой эле инфраструктураны жакшыртууга багытталган протокол, меморандумдар. Мындан сырткары, эки өлкөнүн Президенттери Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
 
Президент Садыр Жапаров кесиптешине кыргыз делегациясын жылуу, достук маанайда кабыл алганына ыраазычылык билдирип, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпинди өзүнө ыңгайлуу убакта Кыргызстанга келүүгө чакырып өттү. Кытай Кыргызстан үчүн мурдатан ишенимдүү дос жана коңшу өлкө. Ортодогу байланыштар эки элдин достук, кызматташтыгы үчүн мындан ары да чыңдала берерине ишеним арттырды.