Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери кайрадан жанданат
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери кайрадан жанданат

10-февралдан тартып кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери кайрадан жанданат. Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдиргендей, 3 айдан бери ар кандай себептерден улам токтоп турган эки өлкөнүн чек араларын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр кайрадан башталып, жолугушуулар Кыргызстандын аймагында уланат. 

Айта кетсек Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 972 чакырымга созулса, анын 600 чакырымы гана такталган. Былтыркы май айынан бери жүргүзүлгөн эки тараптуу макулдашуулардын негизинде дагы 81 чакырымы такталды. Адистер белгилегендей, эки өлкө ортосунда тынчтыкты сактоо жана ар кандай келишпестиктерден алыс болуу үчүн, чек ара тууралуу маалымат таратууда бир гана расмий тараптарга таянып иш алып баруу сунушталат.