Жаңылыктар
Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча коомдук талкуу
Саясат
Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча коомдук талкуу

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча коомдук талкуу 17-сентябрга чейин узартылды. Бул убакта эксперттик чөйрөдөн дагы сунуш-пикирлер кабыл алынат. Андан кийин маселе Жогорку Кеңеште каралып, үч окууда талкууланат. Эске салсак коомдук талкуу дээрлик бир жарым ай мурун башталып, ага саясатчылар, серепчилер, коомдук ишмерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомдук талкуу мындан дээрлик бир жарым ай мурун башталган. Бул аралык ичинде толуктоолордун айланасындагы тегерек үстөл, талкууларга саясатчылар, эксперттер, коомдук ишмерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана укук коргоочулар катышты. Анын жыйынтыгы менен бир нече беренелер боюнча сунуш-пикирлер кабыл алынды.



Белгилей кетсек, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча демилге былтыр күз айларында эле Ар-Намыс, Ата Мекен жана Социал-демократтар фракцияларынын лидерлери тарабынан киргизилген. Бирок анда бул демилге убактылуу токтотулган болчу. Эми эки ай мурун баш мыйзамдын айланасындагы талкуу кайрадан башталганда, айрым фракция лидерлери ошол эле өзгөртүүлөргө каршы чыгып, сындоого жетишишти. 

"Ата-Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев кырдаалдан пайдаланып, саясий оюн жүргүзүүдө. Анткени буга чейин дагы ушундай кадамдарды жасаганы менен белгилүү болгон. Кезектеги кадамы аркылуу мындай чеберчилигин дагы бир жолу көрсөтүүдө. Конституциялык реформа тууралуу сөз болуп, мыйзам долбоор коомдук угууга коюлгандан баштап Текебаев кезектеги оюнун баштады. Парламенттеги төрт фракциянын лидери долбоорду колдогонуна карабастан, Текебаев өзүнүн эски душмандары менен кайрадан бирикти. Белгилүү болгондой, конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу талкууну өзү сунуштап жатып дагы каршы чыккан болчу. Эми бул жолу мыйзам долбоор Текебаевсиз сунушталып калгандыктан, каршылыгына себеп болууда. 

Тилекке каршы, Өмүрбек Чиркешович, саясат айдыңында топтогон бай тажрыйбасын бир да жолу колдонгон эмес. Же убагында бир да жолу айта алган эмес. Дайыма өзүнүн жана партиясынын жеке кызыкчылыгына пайда алып келе турган убакытты гана күтүп келген. Качан гана кайсы бир тараптын же саясий топтун кызыкчылыгына дал келбеген мыйзам долбоору боло калганда алар өлкөнүн келечеги жана алты миллион элдин тагдыры менен ойноп келет. Бүгүн Текебаевдын айланасына чогулган фигуралар эртең эле ага каршы кайрадан чыгаарын азырынча түшунбөй жатышат. Анткени ал кырдаалга жараша дайыма өз оюн өзгөртүп турат. 

Конституция башынан эле көп сандаган карама-каршылык, каталар менен кабыл алынганын эксперттер айтып келишет. Тексти да кыргызчага ката которулган. Бирок расмий түрдө лингвистикалык экспертиза өткөрүлгөн эмес. Лингвист-эксперт Сыртбай Мусаев мындан 2 жыл мурун 9 кишиден турган көз карандысыз комиссия түзүп, котормодогу каталардын үстүнөн иштей баштаган.