Жаңылыктар
Бишкек жылуулук борборуна Казакстандан көмүр ташылат
Экономика
Бишкек жылуулук борборуна Казакстандан көмүр ташылат

Бишкек жылуулук борборуна Казакстандан көмүр ташуу иштери келерки жумада башталат. Бул тууралуу  «Электр станциялары» ачык акционердик коомунан билдиришүүдө. Ал эми жылуулук борборго жергиликтүү көмүрдү жеткирүү боюнча тендер өтүп, азыр анын жыйынтыгы аудиторлор тарабынан текшерилүүдө.

Адистердин айтымында, күз-кыш жылытуу мезгилине карата жылдагыдай эле даярдыктар өз нугунда жүрүүдө. Ага ылайык, көмөкчү чордондор оңдолуп, эскилиги жеткен жогорку чыналуудагы электр чубалгылары алмаштырылган. Ал эми Бишкек жылуулук электр борборун көмүр менен камсыздоо иштери башталуу алдында турганын  “Электр станциялары» ачык акционердик коомунун  башкы директорунун биринчи орун басары Бердибек Боркоев билдирди. Анын айтымында, быйыл жылуулук борборго Казакстандан 500 миң тонна көмүр импорттоо пландалууда.

Мээрим Абдраманова