Жаңылыктар
Жалал-Абадда балдарын бакчага бере албагандардын нааразычылыгы күчөдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда балдарын бакчага бере албагандардын нааразычылыгы күчөдү

Жалал-Абад шаарында балдарын бакчага бере албаган ата-энелердин нааразычылыгы күчөдү. Ага кошумча мектепке чейинки билим берүү тармагында коррупция күч алганы сынга алынууда. Учурда калаада 28 бала-бакча болсо, анын алтысы жеке менчик. Бул бакчаларда жалпы орун 3 миң балага ылайыкташса, учурда 4 миң 300дөн ашуун бөбөк тарбия алып жатат. 

Бакчага барбагандардын так санын алуудан билим берүү бөлүмү да коркуп тургансыйт. Шаар тургундары да, мектепке чейинки билим берүү тармагындагылар да Жалал-Абадга жаңы бакчаларды куруу мезгил талабы дешет. Ал эми калаа башчылыгы болсо, шаар четиндеги айылдардан да бөбөктөр мында тарбияланып жаткандыктан, орун тартышы чыгып жатат деген пикирде. Антпесе шаардыктар үчүн бакча жетиштүү дешет.

Талгат Бакиев