Өлкөнүн мектептерине предметтик мугалимдер жетишпейт. Алардын басымдуу бөлүгү Чүй өрөөнү менен Бишкек шаарына туура келет. Мурдагы жылы өлкө боюнча мектептерде эки миңден ашык мугалим жетишпей келген. 2021-жылы бул боштуктун көбүн педагогика тармагында окуусун аяктаган жаш мугалимдер толтурган. Бирок республика боюнча дагы 929 мугалим керек.