Жаңылыктар
Баш мыйзамдын 72-беренеси өзгөртүлүүгө муктажбы?
Саясат
Баш мыйзамдын 72-беренеси өзгөртүлүүгө муктажбы?

Аткаруу бийлигинин өкүлдөрү бир эле учурда парламентте да иш алып барган тажрыйба Түркия, Улуу Британия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө кездешет. Кыргызстандын бийлиги да аны колдонуу максатын көздөп, сунушталып жаткан долбоорго камтыды. Талдоочулардын буга карата көз караштары ар түрдүү. Айрымдар жогорку саясий кызматты ээлеп турган адамдын эки ишти алып баруусу мүмкүн эмес экенин белгилейт. Ал эми 72-беренеге киргизилген өзгөртүүнү колдогондор, эл аралык тажрыйба пайда алып келет деген ишенимде.

Өкмөттө иш алып барууну көздөп депутаттык мандаттан баш тарткан саясатчылардын бири Өмүрбек Бабанов. Ал Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына шайланып, алгачкы коалициялык көпчүлүктүн сунушу менен Биринчи вице-премьер-министр, кийин премьер-министрлик кызматтарды аркалаган. Аткаруу бийлигинде иштеген бул убакыт болгону 2 жылды түзөт. Ал эми жаңы парламенттик шайлоого чейин калган 3 жылын мамлекеттик кызматтардан сырткары өткөргөн. 72-беренедеги өзгөртүүнү колдогондор өкмөт башчылык кызматтан кеткен ишмердин билим, тажрыйбасын парламентте колдонууга шарт түзүлөрүн белгилешет.

Калыгул Асамбаев