Жаңылыктар
Ички иштер министрлигине санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча орун басар дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ички иштер министрлигине санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча орун басар дайындалды

Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, Ички иштер министринин санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча орун басары болуп Сүйүнбек Ниязбеков дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчини Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору Адилет Жанузаков ИИМдин өздүк курамына тааныштырып, аны ИИМдин санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча орун басары - ошол эле убакта ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги болуп дайындалгандыгын белгилөө менен бирге ички иштер органдарынын санариптештирүү жана маалыматташтыруу маселелерин көзөмөлдөрүн айтты. “Санариптештирүү маселелери укук коргоо тутумунун ишин өркүндөтүү үчүн маанилүү.

Санариптештирүү - бул азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан ИИМдин масштабдуу реформасынын стратегиялык багыты. Мындан ары дагы санариптештирүүнү толук алып кетесиздер деп ишенебиз. Бул чоң жоопкерчилик”, - деди Адилет Жанузаков. Ал эми Ички иштер министри Улан Ниязбеков, бул кызматтын негизги максаты элдин коопсуздугун ыкчам камсыздоо, тейлөөнүн жаңы заманбап баскычына өтүү, кылмыштардын бетин ыкчам ачып, сапаттуу тергөө амалдарын жүргүзүү жана элдин кызматында ар дайым болууга шарт түзүү болуп эсептелерин айтты.

Сүйүнбек Ниязбеков ички иштер органдарында маалыматтык технологияларды колдонуу чөйрөсүндө чоң тажрыйбага ээ. Ички иштер органдарында 2001-жылдан бери иштейт. ИИМдин ички иликтөө кызматында жетекчилик кызматтарды аркалаган. Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген убакта Бишкек шаарынын Комендатынын орун басары болуп кызмат өтөгөн. 2020-жылдын февралынан тартып азыркы учурга чейин ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги кызматында иштеп келген. Ички иштер органдарынын катарында кынтыксыз кызмат өтөгөндүгү үчүн “Даңк” медалы жана бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.