Жаңылыктар
Өлкөдө бензинге болгон баасы дагы төмөндөдү
Экономика
Өлкөдө бензинге болгон баасы дагы төмөндөдү

Өлкөдө бензин дагы 1 сомго арзандады. Бул туурасында нефтетрейдерлер ассоциациясы маалымдады. Бүгүнтөн тарта республика боюнча Аи-80, Аи-92, Аи-95, Аи-98 үлгүсүндөгү бензинге болгон баа 1 сомго төмөндөдү. Ал эми автогаздын баасы 50 тыйынга ылдыйлады.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери бензиндин наркы төрт жолу төмөндөдү. Жалпысынан январь ичинде баа 2%дан 10%га, тагыраак айтканда, бир сомдон 4 сомго чейин арзандады. Ал эми күйүүчү майлоочу майдын наркы болсо 3 сомго чейин ылдыйлады. Мындай көрүнүш Орусиянын мунай рыногундагы дүң сатыктын баасынын төмөндөшү менен байланыштуу. Ошондой эле, күйүүчү майга мезгилдик талап кыскарды.