Жаңылыктар
Башкы прокуратура былтыркы жылга карата коюлган планды 80 пайыз аткарды
Кыргызстан жаңылыктары
Башкы прокуратура былтыркы жылга карата коюлган планды 80 пайыз аткарды

Башкы прокуратура былтыркы жылга карата коюлган планды 80 пайыз аткарды. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.

Жыл ичинде коррупцияга каршы күрөшүү башкы көзөмөл органынын өзүнөн башталып, мыйзамсыз аракеттерге барган прокурорлорду камоо жана сот иштери жүрүп жоопкерчиликке тартылган фактылар айтылды. Ошол эле учурда прокуратуранын кадыр баркына шек келтирген кызматкерлерден арылуу аракеттери жүрүп жатат. Ал эми прокуратура тарабынан бир жыл аралыгында коррупцияга каршы 7561 текшерүү иштери жүрүп, 17 миңге чукул мыйзам бузуулар аныкталган, 6 миңден ашык кызмат адамдары жоопко тартылган. 

Натыйжада катталган кылмыш иштеринин 53 пайызынын бети ачылып, келтирилген 4 млрд сомдон ашык зыяндын 93 пайызы өндүрүлгөн.