"Опузалап пара алуу" фактысы боюнча Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери кармалды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, 8-февралда Жазаларды аткаруу кызматынын ыкчам кызматкери, аскер бөлүгүнүн капитаны кызмат абалынан пайдаланып, коркутуу жолу менен 47-абакта жазасын өтөп жаткан соттолгон кишиден акча талап кылганы аныкталган. Ошондой эле, кармалган кызматкер соттолгондун эркине каршы башка түзөтүү мекемесине өткөрүп берем деп коркутуу менен жана жогоруда аталган түзөтүү мекемеде жазасын өтөп жаткан терс көз караштагы соттолгондордун мүмкүнчүлүктөрү аркылуу 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 28-январына чейин соттолгондон акча каражатын алып турган.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.