Жаңылыктар
Электр энергиясын натыйжалуу пайдалануу маселеси талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Электр энергиясын натыйжалуу пайдалануу маселеси талкууланды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги KyrSEFF коомдук уюму менен биргеликте энергияны натыйжалуу пайдалануу маселесин талкуулаган жыйын өткөрдү. 

Анда мамлекеттик курулуштарда энергияны натыйжалуу пайдалануу, имараттарды ушундай талаптарга ылайык келтирүү маселеси сөз болду. Белгилей кетсек, Кыргызстанда бул боюнча атайын мыйзам бар мамлекет тарабынан салынган курулуштар энергияны үнөмдөгөн нормаларга шайкеш келиши керек. Бирок аны текшерген адистер жок болчу. 

Мамлекеттик курулуш агенттиги былтыр атайын адистерди окутуп даярдаган. Алар эми имараттарды текшерип башташат.