Ички иштер министри Улан Ниязбеков Сауд Арабия Падышачылыгынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим аль Ради менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.
Эки мамлекеттин жарандарынын коопсуздугун жана коомдук коопсуздугун камсыз кылуу жаатында Кыргызстан жана Сауд Арабия Падышачылыгынын укук коргоо органдарынын ортосундагы тажрыйбалык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
"Бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк глобалдаштыруу адамзаттын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизүү менен бирге эле, тилекке каршы кылмыш дүйнөсүндө да технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүүсүнө алып келүүдө. Ошондуктан, башка мамлекеттердин укук коргоо органдары менен биргелешкен иштерди жүргүзүү биздин Министрликтин негизги багыттарынын бири. Өзгөчө, Сауд Араб Падышачылыгынын Ички иштер министрлиги менен кылмыштуулуктун алдын алуу, каршы күрөшүүдөгү алдынкы тажрыйбаларын үйрөнүү, алдыңкы жетишкен технологияларды колдонууда жана коопсуздук тармагында кадрларды даярдоодо өнөктөштүк мамиле түзүү биз үчүн өтө маанилүү», - деди ИИМдин жетекчиси.
Өз кезегинде, элчи эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүүсүнө оң баа берип, мындан ары укук коргоо жаатында кызматташууга Сауд Араб Падышачылыгынын Ички иштер министрлиги менен байланыш көпүрө болуп берүүгө даярдыгын айтты.