Жаңылыктар
Кыргызстанда интернет кымбаттады
Саясат
Кыргызстанда интернет кымбаттады

Буга Казакстандын интернет таркатуучулары  бааны 1,5 дан 3 эсеге чейин кымбаттатып жибериши себепчи болууда. Адистер болсо андай болгон күндө абоненттер үчүн баа 4 эсеге өсүшү мүмкүн экендигин айтышууда. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Казакстандын  өкмөтүнө интернет тармагынын ишкерлери эмне үчүн бааны бир тараптуу көтөрүп жибергендигин түшүндүрүп, жагдайды жөнгө салуу  өтүнүчү келтирилген  расмий кат жөнөткөн. Эми  Евразиялык экономикалык комиссияга кайрылуу зарылдыгы келип чыгууда. 

Кыргызстан интернетти 2 жол менен алат. Биринчиси 90 пайызга чейин Казакстандан алынса, Элкат компаниясы келишимдин негизинде Россиядан түз алып келет. Бирок ал жол да Казакстан аркылуу өткөндүктөн транзит үчүн акы төлөнөт. Казакстан өзү дагы интернетти Россиядан алат жана ал жакта деги эле IT рыногунда  кымбатоолор болгон эмес. Казакстан тараптын мындай бир жактуу кымбаттатуусуна  эч кандай техникалык негиз жок экендигин, бул саясий чечим болуп жаткандыгын техника илимдеринин кандидаты Кубатбек Талыпов белгилеген.

Казакстандын интернет чөйрөсүнүн ишкерлери, Кыргызстандык кесиптештерине бааны 1,5дан 3 эсеге чейин кымбаттатышарын август айынын башында эле билдиришкен. Мындай абалдын алдын алуу үчүн Кыргызстандын байланыш операторлор ассоциациясы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик  комитетине кайрылышкан. Комитет ТИМ аркылуу Казак өкмөтүнө кат жолдогон. Бирок  алиге катка жооп келе элек. Эми Евразиялык экономикалык комиссияга кайрылуу зарылдыгы келип чыгууда. Ошондой эле  тийиштүү мекемелер Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул туурасында “ Биринчи радиого”  Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик  комитетинин стат- катчысы  Абдисамат  Сагынбаев билдирди.

Бүгүнкү күнү айрым компаниялар өз кардарлары үчүн бааны кымбаттатты. Бирок өлкө ичинде интернетти колдонуу  азык- түлүк товарынан кийинки эле орунду ээлеп, анын пайдалануучулар калктын 70 пайызын түзөт. Белгилей кетсек өткөн жылы байланыш тармагында айланган акчанын жалпы суммасы 28 миллиардды түзгөн. Анын 6 миллиарды интернет тармагынын үлүшү эле.

Назира Молдокулова