Жаңылыктар
Бээжиндеги XXIV кышкы Олимпиада оюндарында жасалма кар алгач колдонулду
Дүйнө
Бээжиндеги XXIV кышкы Олимпиада оюндарында жасалма кар алгач колдонулду

Кытай мамлекетинде өтүп жаткан Олимп оюндарына кайрылабыз. Бээжиндеги XXIV кышкы Олимпиада оюндары биринчи жолу жасалма кардын үстүндө өтүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.

Маалыматка ылайык, климаттын өзгөрүшү спортко да таасирин тийгизип, кардын дээрлик бардыгы жасалма экени аныкталды. Болжол менен 800 миң чарчы метр аянтты камтууга жетиштүү карды топтоо үчүн уюштуруучулар желдеткичтери бар 130 кар генераторду, 8 муздаткыч мунараларды жана 300гө жакын кар генераторун орнотушкан. Олимп оюндарын өткөрүү үчүн жалпысынан 1 миллион 200 миң куб метрге жакын жасалма кар керектелет. Ал эми ага сарпталган суунун көлөмү дээрлик 100 миллион адамдын күнүмдүк ичүүчү суусуна барабар. 

Ошондой эле бул көлөмдөгү кардын пайда болушу үчүн абдан чоң энергия талап кылынат. Бул ыкма планетага зыян келтиргенден тышкары, спортчулардын ден соолугуна да терс таасир тийгизиши мүмкүн экени айтылууда. Эскерте кетсек, XXIV кышкы Олимп оюндары Бээжинде үстүбүздөгү жылдын 4-февралында башталган, ал 20-февралга чейин уланат.