Жаңылыктар
Мырзакул Мамбеталиев: Бир серияны которуп, үнүн коштоо, монтажы менен 1 жумалык иш болот
УТРК жаңылыктары
Мырзакул Мамбеталиев: Бир серияны которуп, үнүн коштоо, монтажы менен 1 жумалык иш болот

Учурда Коомдук биринчи каналдан “Жылдыздар түшкөн жерде” корей сериалы көрсөтүлүп жатат. Көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынган сериал КТРКнын Котормо студиясы тарабынан которулуп, үндөрү коштолду. Аталган сериал жана редакциянын учурда аткарып жаткан иштери тууралуу КТРКнын “Котормо” студиясынын продюсери Мырзакул Мамбеталиев менен маектештик.

“Жылдыздар түшкөн жерде” сериалын эфирге берип баштадыңыздар, бул сериал кандай негизде, кайсы критерийлердин негизинде тандалды?

-Сериалдарды, көркөм фильмдерди же мультфильмдер болобу аны тандаганда биз өзүбүз эле ар кайсы жерден алып, өзүбүзгө жакса болду деп эле коё койбойбуз. Ал бүгүнкү күндүн талабына ылайык келген, анан биздин элдин табитине, менталитетине керек болсо анын нравалык жактарын, таалим-тарбия бере турган тарабын карайбыз. Албетте, бүгүнкү заманбап турмушка ылайыкташкан учурлары болуш керек. “Жылдыздар түшкөн жерде” корей сериалы өзү 16 сериядан турат. Мына экинчи жума эфирге берилип жатат. Ар бир сериясы 50 мүнөттөн. Бул сериалды биздин (КТРКнын) Эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмү менен биргеликте тандап алганбыз. Алар карап каталогдорду же фильмдердин өздөрүн жиберишет. Биз ошого карап бул туура келет, туура келбейт экен деп ой-пикирибизди ортого салып, жалпы талкуулап туруп анан алабыз. “Котормо” редакциясы өзү алып эле которо берет экен деген ой болбошу керек.

Кыскача айта кетсеңиз, маани-мазмуну кандай?

-Бул сериал бир аэропорттун ичиндеги окуя. Ошол мекемеде, уюмда иштөө тартиби, эрежеси ошого карата кызматкер менен жетекчинин ортосундагы мамиле кандай болушу керек? Ушундай маанини камтыган, окуяга бай кызыктуу сериал. Көрөрмандар тарабынан жакшы кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө кандай иштерди алып барып жатасыздар?

-Убагында “Даңазалуу доор”, “Эртугрул”, “Жалындуу жаштык жылдар” дагы башка ушул сыяктуу көрүүчүлөрдүн эсинде али күнгө чейин калган котормо сериалдарды бергенбиз. Кийин албетте пандемия дагы биздин ишибизге зыянын тийгизбей койгон жок. Себеби, демөөрчүлөрүбүз тарабынан дагы биздин иштөө тартибибизде дагы өзгөрүүлөр болуп, ишибиз бир аз токтоп калды. Азыр эми кайра мурдагы калыбыбызга келатабыз. Буюрса, мына жакында март айынан баштап Казактардын Аль-Фараби, Жамбыл өңдүү тарыхый негиздеги тартылган сериалдарын дагы эфирге сунуш кылабыз деген ойлорубуз бар, бүгүнкү күндө которуп баштадык. Андан тышкары “Мосфильм” тарабынан алган фильмдерибиз, мультфильмдерибиз бар. Алардын бир канчасын эфирге бердик, дагы бир нечеси турат. Азыркы күндө кыргызча контент көбүрөөк болуш керек болуп жатпайбы?! Ошого карата мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче аракет кылып жатабыз. Түркия менен болгон байланыш дагы жакшы болуп жатат. Биздин жетекчибиз Кайрат Олжобаевич, жакында түркиялык кесиптештербиз, өнөктөштөрүбүз менен жолугуп, алардан дагы бизге ылайыктуу сериалдарын алууга аракет кылабыз деген жакшы оюн айтып жатат. Бул иш колго алынса көрүүчүлөр үчүн кызыктуу болот эле. Россиянын телевидениеси менен биздин корпорациянын ортосунда жакшы байланыш түзүлүп калды. Кийинки учурларда Россиянын дагы сериалдары маани-мазмууну, контент жагынан дагы, тартылышы, окуянын жүрүшү жагынан да кызыктуу болуп жатат. Алардан да ылайыктууларын тандап, которуп эфирге бесек деген ниетибиз бар.

Акыркы кетип жаткан “Жылдыздар түшкөн жерде” сериалынын бир сериясынын узактыгы 50 мүнөт деп калбадыңызбы?! Бир эле сериясын которуу, үн коштоо (дубляжы) иши канча убакыт?

-Эми, муну жакшы айттың. Себеби, эфирден көргөндө ой болушу мүмкүн бат эле которот экен деген. Мунун өзүнүн түйшүгү бар. Котормосу, тексти, сөзү дагы аны үн коштоодогу актёрлорубуздун чеберчилиги ошого ылайык келгендей болушу керек. Андан тышкары монтаждын өзү. Монтаждоодо үндөрдү дал келтирүү, кошумча үндөрдү тууралоо, музыка, ооздордун кыймылын бири-бирине дал келтирүү чынында эле көп убакытты алат. Мындайча айтканда бир серияны которуп, үнүн коштоо, монтажы менен 1 жумалык иш болот. Бирок, кызматкерлер тарабынан мүмкүнчүлүгүбүз чектелип турат. Иш орундарын кеңейтүү, шарттарды түзүп берүү жагы каралып жатат. Кызматкерлер көбүрөөк болсо анда мындан да жакшы болот эле. Ушул курам менен бир сериалда отурсак иш көпкө созулуп кетип жатат. Эгерде мүмкүнчүлүк бар болсо ошол эле учурда бул сериалды, башка сериалды же мультфильмдерди дагы бир эле учурда даярдап кеткенге мүмкүн болмок. Көбүрөөк продукция бергенге шарт түзүлмөк.

Жогоруда демөөрчүлөр тууралуу сөз болуп калды. Алар сериалдарды сатып алып берүүдө каржылык көмөк көрсөтөбү же актёрлордун үн коштоосуна гонорар төлөп береби?

-Жок. Актёрлорго үн коштоосу үчүн гонорар биздин өзүбүздүн каражаттан төлөнөт. А демөөрчүлөр болсо фильмдерди же сериалдарды даярдаган, тарткан студиялар менен макулдашуу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Жакшы сериалдар кымбат турат. Ошол эле “Даңазалуу доор” кымбат сериалдардан. Андай кымбат сериалдарды алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Демөөрчүлөр бизге алып берет, ошол фильмдерди которуп эфирге берип жатканда ортолорунда өздөрүн жарнамалоого кандайдыр бир убакыт берилет. Мына ошонун негизинде боло турган иш. Чоң-чоң сериалдарды демөөрчүлөрдүн жардамы менен алганбыз. Пандемия болуп калып “Эртугрулдун” жарымын эле берип, толук бере албай калдык. Аны да улантууга аракеттер болуп жатат. Эл жакшы көргөн сериалдарды кайра кайталап берип турсак да жакшы болмок. Тилекке каршы келишим түзүлүп жатканда бир жолу берип, кийин бир кайталап көрсөтүүгө гана уруксат алынат. “Даңазалуу доор” сериалын 2013-жылы бергенбиз. Андан бери 10 жылга жакын убакыт болуп калыптыр. Бир жолу кайталап бергенбиз. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин сурагандар бар. Ал жакшы долбоор болгон. Бул жерде которуунун өзү да чеберчиликти, билимди, тажрыйбаны талап кылат.

Мультфильмдер, даректүү тасмалар бүгүнкү күндө берилип жатабы?

-Ооба. Эфирден кетип, даярдалып жатканы да бар. Апрелден баштап бир мультфильмди даярдап жатабыз. А мультфильмдерди даярдоонун өзгөчөлүгү бар да. 5-10 мүнөт болгону менен өзгөчөлүгү балдардын дүйнөсүнө кириш керек. Ошондой тартылган. Үндөрдү да жогорку чеберчилик менен бериш, актёрлорду табыш абзел. Ошончолук иши дагы майда анан татаал. Киного караганда убакыт көп талап кылынат.

Ушул жерден суроо туулат экен. Сиздер которуп, үн коштогон мультфильмдер Коомдук биринчи каналдан көрсөтүлүп жатабы же “Баластан” каналына даярдап берип жатасыздарбы?

-Жок. Коомдук каналдын өзүнөн кээде көрсөтүлүп калат. Бирок, негизи “Баластан” каналынан кетип турат. Аталган каналдын кызматкерлери да өздөрү даярдап, кээде биздин да которгон мультфильмдерди көрсөтүп жатат.

Ишиңиздерге ийгилик каалайм!