Жаңылыктар
КТРКда тасмаларды жана мультфильмдерди мамлекеттик тилде чагылдыруу иши дагы жанданат
УТРК жаңылыктары
КТРКда тасмаларды жана мультфильмдерди мамлекеттик тилде чагылдыруу иши дагы жанданат

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев менен КТРКнын башкы директорунун телеберүүлөр боюнча орун басары Улан Сатиев, “Баластан” каналынын продюсери Кундуз Аманова балдарга арналган кыргыз тилиндеги мультфильмдер, тасмалар тууралуу пикир алмашты.

“Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик  тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Жолдошевич Мусаев менен балдар  үчүн мультфильмдерди кыргыз тилине которуу, идеологиялык маани-мазмунду  камтыган тасмаларды тартууда мамлекеттик тилге басым жасоо боюнча пикир  алыштык. Максатыбыз - келечек муундарга улуттук баалуулуктарыбызды аң сезимине  жеткирүү. Бул изги тилектерибизди жана пландарды ишке ашырууга Мамлекеттик тил  боюнча улуттук комиссиясы колдоп, КТРКга бул үчүн каржылык жактан көмөктөшүүгө  даяр. Андыктан КТРКда тасмаларды жана мультфильмдерди мамлекеттик тилде  чагылдыруу иши мындан ары дагы жанданат” –деди, Улан Сатиев.

Эгер бул демилге ишке ашса, чыгармачыл инсандарга, киночуларга жана таланттуу режиссерлорго мүмкүнчүлүк түзүлөт. Алар улуттук мазмунду камтыган тасмаларды жана мультфильмдерди мамлекеттик тилде сапаттуу даярдаса эфирден берүүгө КТРК ар дайым кызыкдар.