Жаңылыктар
Өзбекстанда президенттик шайлоо декабрда болот
Дүйнө
Өзбекстанда президенттик шайлоо декабрда болот

Өзбекстанда ушул жылдын 4-декабрында президенттик шайлоо болот. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Талапкерлердин арызын кабыл алуу 30-сентябрда башталып, 20-октябрда аяктайт.

Өзбекстандын парламент палаталарынын 8-сентябрдагы жыйынында президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болуп премьер-министр Шавкат Мирзиёев дайындалган. Өлкөнүн Конституциясына ылайык, президент өз милдеттерин аткара албай калган учурда анын ыйгарым укуктары парламенттин жогорку палатасынын төрагасына жүктөлөт. 

Бирок сенаттын төрагасы Нигматилла Юлдашев тажрыйбасы жоктугун билдирип, президенттин милдетин аткаруучу кызматка Мирзиёевдин талапкерлигин сунуштаган.

  

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118