Жаңылыктар
Жаз айларынан тарта бюджеттик кызматкерлердин айлык маяналары көтөрүлөт-, Акылбек Жапаров
Экономика
Жаз айларынан тарта бюджеттик кызматкерлердин айлык маяналары көтөрүлөт-, Акылбек Жапаров

Өлкөнүн Каржы министрлиги республикалык бюджеттин өткөн жылга карата аткарылышы боюнча жыйынтыгын чыгарып, алдыга коюлган иш мерчемдери боюнча маселени талдады. 

Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышып, анда казынаны толтуруу ыкмалары жана булактары, чыгашаларды оптималдаштыруу боюнча кеңири талкуу журдү. Акылбек Жапаров ушул жылдын жаз айларынан тарта бюджеттик кызматкерлердин айлык маяналары көтөрүлөрүн белгиледи.