Жаңылыктар
Адахан Мадумаровдун кол тийбестигин алуу боюнча Жогорку Кеңеш атайын депутаттык комиссия түздү
Саясат
Адахан Мадумаровдун кол тийбестигин алуу боюнча  Жогорку Кеңеш атайын депутаттык комиссия түздү

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча башкы прокуратуранын сунушу күн мурун парламентте каралып, анын негизинде Жогорку Кеңеш атайын депутаттык комиссия түздү. 

Мыйзамга ыйлык, парламент бул маселени 48 сааттын ичинде карап, тиешелүү корутунду чыгарышы керек. Эске салсак, Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары бир нече жолу сурак берген.