Жаңылыктар
Британия гезити Кыргызстанды саякаттоого ыңгайлуу 12 өлкөнүн катарына кошту
Кыргызстан жаңылыктары
Британия гезити Кыргызстанды саякаттоого ыңгайлуу 12 өлкөнүн катарына кошту

Британиялык The Independent гезити Кыргызстанды саякаттоого ыңгайлуу деген 12 өлкөнүн катарына кошту. Басылманын рейтингин дүйнө жүзүн кыдырып чыккан белгилүү саякатчы Гуннар Гарфорс түзгөн.

Ал Кыргызстандын жаратылышы кооз экенин, калкы абдан меймандос экендигин белгилеген. Мындан тышкары Кыргызстандын суусунун тазалыгына көңүл бурган. Акыркы кезде батыш басылмаларында Кыргызстан тууралуу макалалар көп жарыяланып жатат. 

Былтыр жыл аягында британиялык The Guardian гезити өлкөдө альпинизмдин болочогу чоң экенин жазып чыккан. Быйыл эл аралык Financial Times басылмасы, Business Insider порталы, Forbes журналы Кыргызстанды туристтер үчүн ыңгайлуу жети өлкөнүн катарына кошсо, Daily Telegraph гезитинин иликтөөсүндө өлкөдө туризм өнүгүшү ыктымал деген алдыңкы он мамлекеттин баш сабына чыккан.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118