Жаңылыктар
Франциянын "М 6" телеканалы Кыргызстан жөнүндө көрсөтөт
Дүйнө
Франциянын "М 6" телеканалы Кыргызстан жөнүндө көрсөтөт

10-февралдан тарта Франциянын "М 6" телеканалы Кыргызстанда былтыр жай жана күз айларында тартылган “Бээжин экспресс” реалити-шоусунун 15-сезонун көрсөтүп баштады. 

Телешоуга Франция, Бельгия жана Монако өлкөлөрүнөн катышышкан. Оюндун шарты боюнча жол тосуп Соң-Көлдөн Бишкеке чейин, андан ары Өзгөн шаарына баруу керек. Ал эми акыркы келген оюнчу оюндан четтетилет. Телешоу Францияда жана башка Европа өлкөлөрүндө көрсөтүлөт, ар бир эпизоддун орточо аудиториясы 4 млн көрүүчү. 

Телеканалдын бул чыгарылышында Кыргызстандын маданияты, урп-адаттары, каада-салты, улуттук оюндары жана тамак-аштары көрүүчүлөргө тартууланат.