Жаңылыктар
Туура тамактануу жашоону 10 жылга узартаарын окумуштуулар билдирди
Дүйнө
Туура тамактануу жашоону 10 жылга узартаарын окумуштуулар билдирди

Туура тамактануу жашоону 10 жылга узартат. Бул тууралуу Норвегиянын Берген университетинин окумуштуулары билдиргенин PLOS Medicine журналы маалымдады. 

Алар жаш курагы өтө жогору эмес миңден ашык эркектер менен аялдар катышкан ири изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарышкан. Окумуштуулар тамактануудагы өзгөрүүлөрдүн ден соолукка жана жашоонун узактыгына тийгизген таасирин тыкыр карап иликтешкен. Натыйжада окумуштуулар майлуу жана туздуу тамактардан, малдын этинен, кайра иштетилген тамактардан жана таттуудан баш тартуу керектигин билдиришет. 

Алардын ордуна дан өсүмдүктөрүн, жашылча, мөмө-жемиштерди, жаңгакты пайдалануу өмүрдү орточо эсеп менен алганда 10 жылга узарта аларын билдиришкен. Окумуштуулар негизи эле витаминдер жана организмге керектүү болгон микроэлементтер камтылган тамактануу эрежесине тезирээк өтүү керектигин белгилешкен.