Жаңылыктар
Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт
Дүйнө
Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 12-мартка кезексиз мамлекет башчысын шайлоо тапшырмасын койду. 

Ал өлкөнү башкарууда жаш жетекчилерге жол бошотуу керектигин билдирди. "Өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабында мамлекеттик башкарууга жолду руханий чөйрөдө, замандын бийик талабына ылайык тарбиялаган жаш лидерлерге берүү керек деген пикирди колдойм. 

Мындан ары да турмуштук жана саясий зор тажрыйбамды ушул багытка жумшоого ниеттенип жатам", - деген Түркмөнстандын президенти Халк Маслахатынын жыйынында. Ал Борбордук шайлоо комиссиясына мамлекеттин мыйзамдарына ылайык шайлоо жумуштарына даярдык көрүүнү кошумчалады.

Түркмөнстанда кезексиз президенттик шайлоого даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына таянуу менен маалымат булактары жазышууда. Маалыматка ылайык, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 12-мартка белгиленген. Шайлоого даярдыктар көрүлө баштады. Түркмөнстандын президенти болуп Түркмөнстанда төрөлүп, акыркы 15 жылдан бери жашап, иштеп жаткан өлкөнүн жараны шайлана алат. 

Ал кеминде 40 жашта болушу жана милдеттүү түрдө мамлекеттик тилди билиши керек. Президент жети жылдык мөөнөткө шайланат. Буга чейин Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнү башкарууда жаш жетекчилерге жол бошотуу керектигин билдирген. Түркмөнстанда акыркы жолу президенттик шайлоо 2017-жылы өткөн. Кезектеги шайлоо 2024-жылы өтүшү керек болчу.