Жаңылыктар
“Манас” эпосу тажик тилине которулду
Маданият
“Манас” эпосу тажик тилине которулду

Бишкекте “Манас” эпосу тажик тилине которулуп, 500 нускада басылып чыкты. Котормодо Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин варианты камтылган. Китеп эми билим берүү мекемелерине акысыз таратылат. 

Эске салсак , 1970-жылдары дагы “Манас” эпосу тажик тилине которулган. Китептин автору “Манасты” түп нускасынан алып которгон котормочу, акын Аслам Адхам.