Жаңылыктар
Бишкектин эки районундагы шайлоо үчүн бюллетендер даярдалды
Шайлоо 2023
Бишкектин эки районундагы шайлоо үчүн бюллетендер даярдалды

Бишкектин эки районундагы шайлоо үчүн 215 миңден ашуун бюллетень даярдалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. 

Бюллетендер бүгүн округдук шайлоо комиссияларына жеткирилет. Техникалык себептерден улам жараксыз болгон добуш берүү кагаздары жок кылынды. Бир мандаттуу Свердлов жана Биринчи май районунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 27-февралда өтөт. Эки округдан 51 талапкер ат салышууда.