Жаңылыктар
Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегациянын Россияга расмий иш сапары башталды
Мекендештер
Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегациянын Россияга расмий иш сапары башталды

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегациянын Россияга расмий иш сапары бүгүн башталат. 

Иш сапар кыргыз парламентинин 7-чакырылышынын депутаттарынан турган делегациянын алгачкы расмий иш сапары. Буга чейин Россиянын мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин кесиптеши Талант Мамытовду Россияга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырган. Эки күндүк иш сапардын жүрүшүндө Мамытов Володин менен жолугушат. Анда парламенттик кызматташтык, ЕАЭБдин алкагындагы бирдиктүү иш аракеттер, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланат. Миграция маселеси боюнча өз ара кызматташтыкка өзгөчө басым жасалат. 

Мында Кыргызстандын эмгек мигранттарын түйшөлткөн миграциялык каттоо, административдик чара көрүү маселелери жана жумуш берүүчүлөр тарабынан түзүлүүчү эмгек келишимдери туурасында сөз болот. Мындан тышкары, кыргыз парламентинин төрагасы өзүнүн кесиптеши менен Кыргызстандын жүк ташуучуларынын орчундуу маселелери боюнча да пикир алышат. Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен да жолугушат. 

Ошондой эле делегация мүчөлөрү Мамлекеттик Думадагы “Кыргызстан” көргөзмөсү менен таанышып, Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейинде болушат.