Жаңылыктар
Баткен: чек арага чектеш айыл тургундарынын пенсия, жөлөк пулдары көбөйдү
Чек ара
Баткен: чек арага чектеш айыл тургундарынын пенсия, жөлөк пулдары көбөйдү

Баткен облусуна берилген өзгөчө статуска ылайык чек арага жакын жайгашкан айылдардын туруктуу жашоочуларына анын ичинде пенсионерлерге 2000 миң сомдон кошулат. Ал эми, пособие 2 эсеге көтөрүлдү. 

Мамлекет тарабынан берилчү аз пайыздагы насыялар Баткен облусунун тургундары үчүн 300 миң сомго чейин күрөөсүз берилет. Мамлекеттик ипотекага турак жай алууну каалагандар 4 пайыздык жеңилдетүү менен алса болот. Ал эми, облуска каражат салгысы келген инвесторго 10 млн.долларга чейин кепилдик каралат. 

Мындай маалыматтарды Баткен облусунда өтүп жаткан Министрлер кабинетинин көчмө жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.