Жаңылыктар
Дыйкан, фермерлер 3 жылдык мөөнөт менен 6 пайыздан насыя ала башташты
Кыргызстан жаңылыктары
Дыйкан, фермерлер 3 жылдык мөөнөт менен 6 пайыздан насыя ала башташты

Дыйкан, фермерлер 3 жылдык мөөнөт менен 6 пайыздан насыя ала башташты. Ал үчүн быйыл 26 миллиард сом бөлүнгөн. Мурда кредиттер мал чарбачылыгына 10, дыйканчылыкка 8 пайыз менен берилип келген. Мамлекет муну быйыл жарандарды колдоо үчүн 6 пайызга түшүрдү. Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров буга чейин насыялар максаттуу жумшалбай калган учурлар болгонун белгилеп, дыйкандардан мындан ары айыл чарба багытына алынган насыяларды туура пайдалануууга чакырып, фейсбуктагы баракчасы аркылуу жазгы талаа иштери башталганына байланыштуу дыйкан-фермерлерге кайрылуу жолдоду.

Мамлекетдыйкандарга колдон келишинче жардам кылып, арзан насыяларды бере баштады.Мисалы, былтыр 11 миң дыйканга “айыл чарбаны каржылоо 9” долбоору менен 6 млрд.178 млн. сом насыя берилген. Алар аталган сумманы 8-10 пайыз менен алган.

Бүгүнкү күндө “Айыл банк”, “Керемет банк”, РСК мамлекеттик банктары аркылуу 47адамга 29 млн. сом насыя берилди. Азыркы тапта “Айыл банкта” 14 млрд. сомдонашык каражатка 17 миң жеңилдетилген насыя алуучулардын арызы бар. Эн башкысыдыйкан, фермерлердин башка кредиттик уюмдарда карыздары болбошу керек. Ошондойэле, мал бакканга шарты, тоют базасы талап кылынат. Эгер насыя жер иштетүү максатындаалынып жатса анда жери бар экенин тастыктаган документ көрсөтүлүшү керек.

Жаздын бир күнү бир жылга тете. Жазгы талаа иштери сөзсүз түрдө каражатты талапкыларын белгилеген Президент Садыр Жапаров жалпысынан айыл чарба багытынажеңилдетилген насыя берүү үчүн 26 миллиард сом бөлүнгөнүн билдирди.

Муну менен катар Президент дыйкан, фермерлер насыяларды максаттуу пайдаланса дегеноюн билдирди.

Дыйкандар алган түшүмүн сата албай калабыз деген ойдон алыс болуулары керек.Президент бул боюнча өкмөт ар тараптуу жардам берерин билдирди.