Жаңылыктар
Ысык-Көл: Мекенди коргоо - ыйык милдет. Эсенкан Черикбаев
Аймак
Ысык-Көл: Мекенди коргоо - ыйык милдет. Эсенкан Черикбаев

Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын милдети жана ыйык парзы. Ооган согушунда Кыргызстандын жети миңден ашык жоокери өз милдеттерин татыктуу аткарган. Ооганстандан советтик аскерлердин толугу менен чыгарылып кеткенине быйыл 33 жыл толду. Ушунча убакыт өткөнү менен миңдеген адамдын өмүрүн алган кандуу согуш жоокерлерибиздин дале эсинде. Алардын катарында Эсенкан Черикбаев да болгон.