Жаңылыктар
КМШ саммитине даярдык кызуу жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
КМШ саммитине даярдык кызуу жүрүп жатат

Бишкекте 16-сентябрда өтө турган КМШ мамлекеттеринин башчыларынын мааракелик отурумуна карата даярдык кызуу жүрүп жатат. Эми иш-чарага катышуу үчүн келе турган президенттер кайсыл жакта жайгашып, кандай сый көрөт?

 16-сентябрда Бишкекте өтө турган КМШ мамлекеттеринин башчыларынын мааракелик отурумуна азырынча 6 мамлекеттин президенттери катышаары күтүлүүдө. Күтүлгөндөй, ага Орусия, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан жана Армениянын президенттери келет.

Келген коноктордун баардыгы мамлекеттик резиденцияцияга жайгаштырылат. Эгер орун жетпей кала турган болсо, Бишкектеги айрым сыйлуу конок үйлөрдө да орундар камдалуу. Ал эми резиденциядагы Ала-Арча 4 имаратында 300 журналистке ылайыкталган маалымат борбору уюштурулат.

Айта кетүүчү чоң жаңылык, бул жолку өтө турган маанилүү иш-чарага карата, мамлекеттик резиденциянын аймагында аянты 1 жарым миң чарчы метрди түзгөн, чоң боз үйдү элестеткен имарат курулду. 

Бишкек шаары дагы конокторду тосуп алууга катуу киришти. Сырдап, арыктарды казып, жаңы тосмолор орнотулуп жатат. Маалыматка ылайык, калаа боюнча 140 жарнамалык такталар алынып, 94 аялдама иретке келтирилди. 

Фучик көчөсү чет элден келаткан баардык меймандар адеп эле көрчү биринчи көчөлөрдүн негизгиси. Дал ушул көчөнү бойлой кооз тосмолор орнотулду. Ал эми Чүй жана Жибек Жолу проспектисине дагы 4 жарым чакырымга созулган тосмолор коюлду. Даярдык муну менен гана чектелип калбай, айрым борбордук көчөлөрдөгү шам чырактар алмаштырылып жатат.