Жаңылыктар
Өзгөчө номурлардын 51 комплектиси аукционго коюлат
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөчө номурлардын 51 комплектиси аукционго коюлат

19-сентябрдан тарта автоунаалар үчүн окшош сандуу мамлекеттик номурлар сатыкка чыгат. Аны менен мамлекеттик каттоо кызматы сандардын жана тамгалардын өзгөчө катышы бар кооз номурларды аукционго койгону жатат.

Номурдагы окшош тамгалар менен сандардын өзгөчө катышы. Автоунаа ээлеринин арасында бул чоң суроо талапка ээ. Мындан улам каттоо кызматы жакында мындай өзгөчө номурлардын 51 комлектисин аукционго койгону жатат. 

21-сентябрга белгиленип жаткан аукционго алгачкылардан болуп, 111 жана 222 номурлары коюлмакчы. Кийинки күнү болсо 3 алты, 3 сегиз жана 3 тогуз номурлары сатыкка чыгат. Ал эми баасы жагынан эң кымбаттары саналган 001 жана 777 сандарынын катыштыгын камтыган номурлар 28-сентябрда онлайн аукциондо сатылат.

Аукциондор бир гана онлайн түрүндө өтөт. Аны жеңип чыккандарга атайын сертификаттар берилет. 

Белгилей кетсек номурларды сатуу боюнча онлайн аукцион Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Интернеттеги nomer.srs.kg дареги аркылуу каалоочулардын баардыгы катталса болот. Бирок аукционго катышам деген киши тандап алган номурунун баштапкы жарыя баасынын он пайызын төлөшү керек. Эгер утулуп калса, каражаты 3 күндүн ичинде кайтарылып берилет.